«Кабар» агенттиги билдиргендей, жакында УКМКнын Антитеррордук борборунда терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын XVIII жыйыны өткөрүлдү. Ага УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борбордун директору А.Т. Эрбаев төрагалык кылды. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын катышуучулары Кыргызстандын аймагында өтө турган маанилүү эл аралык иш-чараларга даярдык көрүү жана аларды өткөрүү менен байланышкан уюштуруу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл социалдык жана жашоо үчүн маанилүү объектилердин антитеррордук коопсуздугун камсыздоо маселелерине бурулду.
Талкуулардын жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан бир катар сунуштар жана толуктоолор киргизилип, алар акыркы чечимдерди кабыл алууда эске алынды. Кабыл алынган чечимдер менен бирге ар бир ведомствонун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн мындан аркы иштеринин негизги багыттары аныкталып, конкреттүү тапшырмалар коюлду.











