Трагедия 5-ноябрда Аксарай районунда болду. Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Баш консулугунун маалыматына ылайык, эки мекендештин ортосунда чыр-чатак келип чыгып, ал курч курал колдонулган физикалык кагылышууга айланган.
Окуянын натыйжасында 1991-жылы туулган жаран каза болду. Кылмыш жасагандыгына шектенүү менен түркиялык укук коргоо органдары чыр-чатактын экинчи катышуучусун — 1994-жылы туулган аялды кармашты.
Дипломатиялык өкүлбүлөрдүн кызматкерлери болгон окуянын шарттарын тактоо үчүн ыкчам түрдө полиция бөлүмүнө чыгышты. Учурда түркиялык полиция расмий тергөө жүргүзүүдө.
Дипломаттар Түркиянын укук коргоо органдары жана эки тараптын туугандары менен байланышта. Стамбулга келген каза болгон адамдын тууганына зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлдү. Аялдын денеси Кыргызстанга, ата мекенге жөнөтүлдү.










