Түштүк борбордун бюджетине бир айдын ичинде 160 миллион сом өлчөмүндө кошумча салыктык киреше келип түштү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Мэр Жанар Акаевдин айтымында, бул Президент Садыр Жапаровдун чечими менен ишке киргизилген пилоттук долбоордун алкагында мүмкүн болду. Долбоор боюнча бирдиктүү салыктын жана сатуу салыгынын бир бөлүгү Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган.

Долбоордун көрсөткүчтөрү

160 млнсом кошумча салык
50%сатуу салыгынын
15%бирдиктүү салыктын

Пилоттук долбоор 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейин бир жылга созулат. Бул мезгилде сатуу салыгынан түшкөн каражаттын 50 пайызы жана бирдиктүү салыктан түшкөн каражаттын 15 пайызы Ош шаарынын бюджетине багытталат.