Ош шаарындагы аймактык бириккен клиникалык ооруканасы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан берилген гранттын алкагында медициналык заманбап жабдуу менен жабдылат.
Бул гранттын суммасы болжол менен 11,5 миллион долларды түзүп, оорукананы 130 бирдиктен турган 31 түрдүү медициналык приборлор менен камсыздоону көздөйт.
Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, ошондой эле Жогорку Кеңештин Ала-Тоо фракциясынын жетекчиси Таалайбек Масабиров менен кошо келген депутаттар оорукананын ишине жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө сереп салып, жабдууларды орнотуу иштерин пландоону талкуулашты.
Аталган жабдууларды кабыл алуу үчүн оорукананын аймагында ангиограф жана КТ аппараты коюла турган жаңы имараттын курулушу башталат. Ошондой эле, жакында эле толук капитальный оңдоп-түзөө жүргөн бир катар бөлүмдөр каралууда.
Медициналык жабдуулардын көрсөткүчтөрү














