13-ноябрда саат 15:00дө Т. Садыков атындагы Ош облустук сүрөт искусствосу музейинде битик байыркы түрк жазуусуна арналган мастер-класс өтөт. Иш-чара Тарых жана ата-бабалардын эс тутум күндөрүнө карата өткөрүлүүдө.

Маданият министрлигинин билдирүүсүнчө, программа байыркы жазуу салтынын элементтери менен заманбап искусствону айкалыштырат. Сабактын алкагында катышуучулар битиктин келип чыгуу тарыхы жана анын өзгөчө белгилери менен таанышат.

Мастер-класстын практикалык бөлүгү байыркы символдорду өз алдынча жазууну камтыйт. Коноктор алган билимдерин аксессуарларды кастомизациялоо үчүн колдоно алышат: үйрөнгөн тамгаларды шоперлерге түшүрүп, уникалдуу буюмдарды өз колдору менен жасоого сунушталат.