Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, мастер-класс каллиграфияга жаңыдан кызыккандарга да, бул өнөрдү жакындан билгиси келгендерге да арналган.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар калемди туура кармоону жана колдонууну үйрөнүшөт, жазуунун негизги элементтерин өздөштүрүү үчүн практикалык көнүгүүлөрдү аткарышат жана өзүлөрүнүн алгачкы каллиграфиялык композицияларын түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мастер-класска катышуу шарттары
- Өтүү күнү: 12-август, саат 13:00.
- Узактыгы: 2,5 саат.
- Катышуу акысы: 300 сом.
- Катышуучулардын саны чектелүү. Каттоо DM аркылуу алдын ала жүргүзүлөт.
- Билеттер музейдин кассасынан сатылып алынат.


