Ошто коопсуздук чаралары жана уюштуруунун жыйынтыктары тууралуу мэрияда Жанарбек Акаев менен Кыргыз профессионалдык бокстук лигасынын президенти Шайлообек Атазов талкуулашты.
Туруксен 3 турнири ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлүп, түрк дүйнөсүнүн жана башка өлкөлөрдөгү белгилүү профессионалдык боксчулар катышууга даярдык көрүүдө.
Бул турнирге дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров да катышат.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев эл аралык спорттук иш-чаралар шаарды спорт борбору катары өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк аренада таанымалдуулугун жогорулатууга өбөлгө болорун баса белгиледи.
Шайлообек Атазов куттуктоосунда эл аралык профессионалдык бокстун күйөрмандары үчүн бул турнир майрамдык мааниге ээ боло турганын жана турнирдин программасында бир катар салгылашуулар орун аларын белгиледи.



