2026-жылдын 22-июлунда Ош шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын ишкерлери үчүн бизнес-форум болуп өттү. Бул жыйынга Өзбекстандан 80ге жакын ишкер катышып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын кеңейиши тууралуу пикир алышты.

Форумду Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ачып, кыргыз-өзбек ишкерлери ортосундагы өз ара пайда алып келчү кызматташуулардын өнүгүшүнө үмүт билдирди. Мэр жаңы биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы максатында кызматташууга чакырды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Ош шаарындагы Өзбекстандын Башкы консулдугунун өкүлдөрү жана эки өлкөнүн ишкердүүлүк тармагынын өкүлдөрү катышты.

Форумдо соода-экономикалык байланышты кеңейтүү, инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча маселелер каралды. Ошондой эле катышуучуларга Ош шаарынын туристтик потенциалы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жеткирилди.

Ош шаарындагы ири инфраструктуралык, шаар куруу жана социалдык-экономикалык долбоорлор презентация болуп, коноктор алар менен таанышып чыкты. Бул форум эки элдин бизнес жамааттары ортосундагы кызматташтыкты чыңдаган маанилүү жыйын болду.