NAQ MEDIA порталынын маалыматына ылайык, Ош шаарынын Ы. Монуев көчөсүнүн кире бериштеги аркадан Памир көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүгүндө, Ош облустук клиникалык ооруканасынын жанында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул иш-чаралар жер астындагы жөө адамдар өтмөгүн куруу менен байланыштуу.

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, курулуш-монтаж иштери учурунда жолдун бир тарабы толугу менен жабылды. Унаалардын өтүүсү карама-каршы тарабы аркылуу уюштурулду.

Мэрия айдоочуларды убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол белгилеринин талаптарын сактоого жана мүмкүн болсо башка жолдорду пайдаланууга чакырды.