Бишкек шаар мэриясы Васильевский тракт көчөсүнүн абалын жакшыртуу максатында жол инфраструктурасын жаңыртуу иштерин этап-этабы менен алып барууда.
2024-жылдын 22-июлунан баштап бешинчи этап киргизилип, Манас айылы менен Ак-Жол айылдарынын ортосундагы участокто көчөнүн бир тарабы убактылуу жабылат.
Жол кыймылы карама-каршы жактагы тараптан улантылып, эки багыттагы өтүү сакталып, толук жабылышы пландаштырылган жок.
Мэрия шаар тургундары менен конокторун убактылуу чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга, жол белгилерине жана регулациялоо боюнча көрсөтмөлөргө так аткарууга чакырды.
Ошондой эле, жол кыймылына байланыштуу көйгөйлөрдү азайтуу үчүн алдын-ала маршруттарды пландаштыруу сунушталды.





