Оштун борборунда, Ашимахунова көчөсүндө, жаңы заманбап билим берүү комплекси — Oxford International School — курула баштады. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Иш-чаранын алкагында убакыт капсуласы салынды, ага катышкан шаар мэри Жанарбек Акаев долбоордун шаардагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
Жанарбек Акаевдин айтымында, бүткүл дүйнөдө эл аралык стандарттарга жооп берген билим берүү мекемелерине суроо-талап өсүүдө. Ош шаарында да жаш муундун билим сапатын жогорулатуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү — мамлекеттик саясаттын приоритетдүү багыты.
Oxford International School комплекси 700 окуучуга ылайыкташкан жана 140 орундуу бала бакчаны камтыйт. Бул жаңы мектеп шаарда билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана заманбап технологияларды колдонуу менен окууну жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт.
Муниципалитет менен Oxford International School ортосунда долбоорду ишке ашыруу жана билим берүү жаатындагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлганы маалымдалды.




