Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков менен жолукту. Жолугушуунун жыйынтыгында Президент компетенттүү мамлекеттик органдарга анын депутаттык мандаты менен байланышкан маселени кайрадан кылдат изилдеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу мурдагы депутаттын колдоочусу Карачач Шакирова социалдык тармактар аркылуу билдирди.

Эске сала кетсек, 2026-жылдын апрель айында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жаныбек Асанбековдун жеке арызынын негизинде анын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Кийинчерээк, Президенттин Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда, Асанбеков мандатын тапшыруу арызын кысым жана коркутуулар астында жазганын айтып чыккан. Ошондо Садыр Жапаров бул кырдаалды жеке өзү териштирип чыгууну убада кылган болчу.