Чолпон-Ата шаарында 27-28-июль күндөрү Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маданий программанын алкагында Кыргызстанга Өзбекстандан 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл делегация келет. Эки күндүн ичинде Ысык-Көл облусунун жашоочулары жана коноктору үчүн белгилүү артисттердин, музыкалык жана бий жамааттарынын катышуусунда концерттик программалар уюштурулат.
Сахнада Өзбекстандын эл артисттери Озодбек Назарбеков, легендарлуу «Ялла» тобунун көркөм жетекчиси Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова жана Зулайхо Бойхонова өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Ошондой эле көрүүчүлөр «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдеринин чыгууларын көрүп, концерттик программаны Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри толуктайт.
Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы 27-июлда саат 18:30да Чолпон-Атадагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтөт. Жабылуу аземи 28-июлда саат 18:30да Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында болмокчу.
Министрликтин маалыматына ылайык, маданият күндөрүн өткөрүү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту бекемдөө, чыгармачыл байланыштарды кеңейтүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын бай маданий мурастары менен тааныштыруу үчүн маанилүү окуя болот.