Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 13-август күнү журналист Али Токтакуновго маек берип, экинчи президенттик мөөнөткө талапкер болорун билдирди.
"Мен буга чейин дагы экинчи мөөнөткө аттанам деп айткам," — деди Жапаров.
Ал президенттик шайлоого катышууну каалаган бардык талапкерлер үчүн жол ачык экенин, эч кимге тоскоолдуктар жаралбай турганын баса белгиледи.
Ошондой эле, шайлоо максималдуу таза жана ачык өткөнүн камсыз кылаарын кошумчалады.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөөрү белгилүү болду.











