Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган жумуш сапары кезинде Кадамжай районунун жана Кызыл-Кий шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген. Жолугушуунун жүрүшүндө, Айдаркен шаарынын тургуну Кубат Президенттен, айрым адамдардын чет өлкөдө болуп, социалдык тармактарда тарарып жаткан ар кандай жалган билдирүүлөргө эмне үчүн жооп бербей турганын суроо берген.