Курулуш иштери учурдагы графикке ылайык жүрүп жатат. Иштин жүрүшүнө караганда, А блогунда аралык плиталарын монтаждоо аяктаган, Б блогунда тиректери орнотулган, ал эми В блогунда плиталарды бетондоо иштери бүтүрүлгөн.

Объекттин мүнөздөмөсү

Курулуп жаткан имараттын жалпы аянты 3,5 миң чарчы метрди түзөт. Атайын пансиондо ата-энелер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт. Анын ичинде төмөнкүдөй жайлар болот:

  • 14 эки орундуу номер
  • спорт зал
  • столовая
  • конференц-зал
  • жуукана
  • дуба окуучу жай
  • башка жардамчы бөлмөлөр

Пансиондун көрсөткүчтөрү

70орун
3,5миң чарчы метр
14эки орундуу номер

Иштерди Курулуш, архитектура жана турак жай мамлекеттик чарба министрлигине караштуу Турак жай жана жарандык курулуш департаменти менен «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы биргеликте жүргүзүүдө.