Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Украинадагы жаңжалды токтотуу сунушун четке какты. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Путиндин айтымында, согуштук аракеттер Орусия өзүнүн койгон максаттарына жеткенде гана токтойт.
Песковдун айтымында, Путин Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Москванын позициясын толук түшүндүрүп берген. Кремль өкүлү аскердик аракеттерди токтотуу мүмкүн эместигин, буга Киевдин позициясы да тоскоол болорун билдирген.
Ал кошумчалагандай, Орусия тарап согуштук аракеттерди токтотуу шарттарын буга чейин атаган. Песковдун ырасташынча, эгер Украина бийлиги тиешелүү чечимдерди кабыл алса, жаңжал “күндүн аягына чейин” бүтүшү мүмкүн.
Буга чейин Омск шаарындагы жолугушууда Токаев жаңжалды токтотуп, “Стамбул формуласы 2.0” деп аталган келишимге кайтып келүүнү жана Орусияны кошо алганда ири державалардын кепилдиги астында тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууну сунуштаган.
Казакстандын президенти өз өлкөсү Украина элине, алардын маданиятына жана тилине урмат менен мамиле кылаарын белгилеген. Анын пикиринде, Стамбулда мурда жетишилген келишимдер тынчтыкка жетүү үчүн андан аркы кыймылга негиз болушу мүмкүн.


