Бишкек шаардык Патрулдук милициянын башкармалыгынын (УПСМ) маалымат кызматы билдиргендей, айдоочунун мыйзамсыз жабдылган унаасы Instagram баракчасында жарыяланган видеодон кийин аныкталган.
Унаа ээсине карата мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, унаа атайын айып унаа токтотуучу жайга жеткирилген.
Айдоочу мыйзамсыз орнотулган жабдууну өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Бирок УПСМ аталган каражаттын кайсы түрү болгонун тактаган жок.
Ведомство айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана унааларга тыюу салынган жабдууларды орнотпоого чакырды.



