Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү КР жараны Н. уулу М. эмгек акы боюнча карызды өндүрүп алуу маселесинде көмөк көрсөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында «Протекинком» ЖЧКсы кызматкердин алдындагы карызды толук көлөмдө төлөдү.