Азербайджано-Кыргыз фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында үч биргелешкен долбоордун ачылышы болуп, сегиз жаңы демилгелер ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Президенти Ильхам Алиев менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

«Азербайжан Борбор Азия менен Европа рынокторун туташтырган Орто коридордун маанилүү булагы катары өз ролун күчөтүп жатат. Энергетика тармагындагы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо дагы жаңы багыттар каралып жатат»,-деди Садыр Жапаров.