Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Мыйзамда кийинки президенттик шайлоонун өтүү датасы 2027-жылдын 27-январында деп белгиленди. Бул өзгөртүү шайлоонун уюштурулушун тактап, өлкөдөгү шайлоо процессинин мыйзамдуу негиздерин бекемдейт.


