Борбордо кармалган жарандардын саны боюнча маалыматтар төмөндөгүдөй:
Борбордогу жарандардын саны
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Сахароводогу чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборго барып, кыргызстандыктардын медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктук абалын карап чыкты. Жолугушууга Россиядагы Кыргызстан элчилигинин консулу, Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери жана мекеме жетекчилиги катышты.
Банктык эсептер жана реестрдеги көйгөйлөр
Мекендештер өз укуктарын коргоо үчүн маселелерди көтөрүштү. Алардын айтымында, банктык эсептери бөгөттөлгөндүктөн, административдик айып пулдарды төлөө жана кредиттик милдеттенмелерди аткаруу мүмкүн болбой жатат. Ошондой эле, кармалган жарандар депортациялоо тартиби жана Россияга кайра кирүүгө коюлган чектөөлөр боюнча суроолорду беришти.
Кээ бирлери кабыл алынган чечимдерге өз убагында даттанбагандыктан, көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилип калышкан. Мындай жагдайлардын айрымдары иш берүүчүлөрдүн өз милдеттерин аткарбаганынан улам келип чыккан.
Акыйкатчы кыргызстандыктардын өз укуктарын коргоо үчүн Россиянын мыйзамдарын жана миграциялык эрежелерди так билүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, бир жаран өзүн реестрге негизсиз киргизилгендиги боюнча Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына арыз менен кайрылган.















