Суу берүү 20-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин токтоп турат. Жаңы курулган 273 мм диаметри бар суу түтүгүн М. Ганди көчөсүнө (мурунку аталышы Селекционная) туташтыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Суу берүү токтотулган аймактын чек арасы төмөнкү көчөлөрдү камтыйт:
- Б. Алыкулов көчөсү
- М. Ганди көчөсү
- Эгиналиев көчөсү
- Омур көчөсү
Чоралуу учурунда турак жайлардан тышкары, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери, социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттери да суусуз калышы мүмкүн.
«Бишкексуукана» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу пландалган жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөрдү алууну эскертет.











