Simbank кыргыз кардарлары үчүн Өзбекстанда сатып алууну жөнөкөйлөттү. Эми алар Hayot Bankтын QR-коддорун мобилдик тиркеме аркылуу колдонуп, товарлар жана кызматтар үчүн төлөй алышат.
Төлөө процессинде QR-сканерди ачып, дүкөндүн же тейлөөнүн QR кодуна камераны буруп, суммага ырастоо жүргүзүлөт. Сумманы кол менен киргизүүнүн кажети жок, анткени ал QR-коддо көрсөтүлгөн.
Төлөө Өзбекстандын акча бирдиги — сумда көрсөтүлөт, ал эми Simbank картасынан кыргыз сому түрүндө курс боюнча автоматтык түрдө алынып салынат. Анын үстүнө төлөө үчүн кошумча комиссия алынбайт.
Пайдалуучу төлөөдөн кийин электрондук квитанцияны тиркемеде көрүп, кааласа бөлүшө алат. Ошондой эле операция жөнүндө маалыматтар — сатып алуу суммасы, конвертация курсу жана соодагердин маалыматы сакталат.
Бул жаңы мүмкүнчүлүк Simbankтын кардарлары үчүн Өзбекстанга иш сапары же жеке саякат учурунда пайдалуу болот. Төлөө үчүн болгону смартфон жана Simbankтын мобилдик тиркемеси талап кылынат.
Simbank тиркемесин App Store жана Google Play дүкөндөрүнөн жүктөп алууга болот.
Simbank мобилдик банкинг кызматы ОАО "Дос-Кредобанк" тарабынан ишке ашырылат. Банктын улуттук лицензиясы: НБ КР № 037.


