Сокулук районундагы Кыргызстандын Мамлекеттик уруу заводу 10 гектар аянтта кант кызылчасын өстүрүүдө.
Министрликтин маалыматы боюнча, айдоо иштеринде Франция жана Германиядан алынып келинген жогорку түшүмдүү кант кызылчасынын сорттору колдонулду.
Учурда талааларда агротехникалык талаптар толук аткарылып, жердин анализи жүргүзүлүп, өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн керектүү минералдык жер семирткичтер убагында берилүүдө.
Бүгүнкү күндө күтүлүп жаткан түшүмдүүлүк гектарынан 600ден 700 центнерге чейин жетет деп болжолдонууда.
Бул иш чара кант өндүрүшүндө заманбап агротехнологияларды кеңири колдонуу жана өлкөнүн кант тармагына сапаттуу чийки зат базасын бекемдөө максаттарына багытталган.



