Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба продукциясын диверсификациялоо жана экспорттук потенциалды жогорулатуу багытында иштеп жатат.

Кыргыз-чех агрокомпаниясы «Экотер» Кочкор районундагы «Мамасыл тукум» чарбасынан 20 гектар жерди ижарага алып, анын 12 гектарында заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу «Айсберг» салат жалбырактарын өстүрдү.

Азырынча биринчи түшүм жыйноо башталды, ал жерде гектарына болжол менен 30 тонна түшүм алынганы маалымдалууда.

Өстүрүлгөн салат жалбырактары жакынкы өлкөлөргө экспорттолуп, ошондой эле Кыргызстандын ички базарында сатылууда.

Бул долбоор айыл чарба экспортунун көлөмүн өстүрүүгө, ички рынокту сапаттуу жашылчалар менен камсыздоого жана заманбап агробизнес формаларын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Министрлик натыйжалуу жер пайдалануу, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, инвестиция тартуу жана экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүнү колдоону улантарын билдирүүдө.