Талас облусунда 15 жаштагы Байэль Тимур уулун издөө иштери бир жарым айдан ашык убакыттан бери уланууда. Өспүрүм 23-июнда Чоң-Токой айылынын четиндеги Талас дарыясына түшүп кетип, агымга жуулуп кеткен.
Маалыматка ылайык, 8-августта издөө иштерине жалпысынан 320 адам тартылган. Бул тууралуу Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди. Издөөчүлөр Талас дарыясынын жээгинде жана ага чектеш аймактарда иштеп жатышат.
Издөө иштерине тартылгандар
Издөө иштерине Талас, Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорунун администрацияларынын башчылары жана кызматкерлери дагы катышууда.
Ошондой эле, бул масштабдуу операциянын жүрүшүндө кайгылуу окуя катталып, ӨКМ тарабынан жөнөтүлгөн 15 куткаруучунун бири катуу агымдан улам дарыяга чөгүп каза болгон.





















