Бишкек шаарында тынчтык мыйзамын сактоо максатында профилактикалык иш-чаралар активдүү жүргүзүлүүдө. Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, милициянын кызматкерлери жана патрулдук-посттук бөлүктүн кызматкерлери бир нече түнкү жана көңүл ачуу жайларын кыдырып, ээлери, администраторлору жана персоналы менен түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.
Мындан сырткары, коомдук жайларында тамеки чегүү фактылары аныкталып, мыйзам бузгандарга карата протоколдор түзүлдү.
Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айынан тартып тынчтык тууралуу мыйзамдын негизинде саат 22:00дөн кийин ызы-чууну токтотуу талап кылынат жана электр энергиясын үнөмдөө максатында кафе, ресторан жана түнкү клубдар ишин токтотууга милдеттүү.
Милиция өлкө боюнча мындай рейддерди уюштуруп, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылууда.














