Баткен облусунда Кожешкен дарыясынын агымы менен агып кеткен адамды издөө уланууда. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, 10-августта саат 18:00 чамасында Баткен районунун Чон-Кара айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Дайырбек Базарбаев Кулп жайлоосундагы Кожешкен дарыясына түшүп кетип, агым качырган.

Азыркы учурда издөө иштерине кошумча күчтөр тартылып, издөө учурунда үч багыт каралууда: Зардалы айылы, Жылуу-Суу-Таян жана Ак-Турпак айылы тарапка.

Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги издөө иштерине катышкан кызматкерлерге көрсөтмөлөрдү берип, операцияны жеке көзөмөлүнө алган.