Талас шаарынын мэриясы шаардагы социалдык объектилердеги ремонт иштеринин жүрүшүн текшерүү тууралуу расмий билдирүү жасады.
Мэриянын орун басары Айбек Кочорбаев өзгөчө көңүлдү Тынчтык кичи райондо жайгашкан бала бакча, №9 “Буратино” бала бакчасынын эски фасаддарын жаңылоо боюнча иштерге буруп, ошондой эле С. Абдуллаев атындагы №6 жана У. Жолчубек уулу атындагы №9 орто мектептердин фасаддык ремонту каралды.
Ошондой эле, Борбордук кичи районундагы мурдагы Kerben Palace мейманканасынын ордуна курулган “Алтын балалык” бала бакчасындагы ремонттук иш-чаралардын абалы да текшерилди.
Айбек Кочорбаевге жооптуу кызматкерлерге курулуш иштери сапаттуу жүрүшү жана белгиленген мөөнөттө аякталышы тапшырылды.


