Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарында бир катар объектилердин курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
“Айтматов Ааламы” комплекси
Адылбек Касымалиев “Айтматов Ааламы” тарыхый-мемориалдык комплексинин курулушун текшерди. Бул комплекс дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жашоосуна жана чыгармачылык мурасына арналган заманбап маданий-мемориалдык мейкиндик катары түзүлүүдө. Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты.
“Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пункту
Ошондой эле, Касымалиев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун капиталдык оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты. Ага өткөрүү пунктунун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.
“Баластан” оюн-зоок борбору
Андан соң, ал Таластагы “Баластан” оюн-зоок борборунун курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип, долбоорду ишке ашыруу келечеги менен таанышты. Бул комплекс эс алуу жана көңүл ачуу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүнү көздөйт.
«Баластан» комплекси тууралуу























