Таш-Кумыр шаарында жайгашкан «Капитальная» көпүрөсү мурда көмүр өндүрүшүндө колдонулган. Бул көпүрөнүн жардамы менен көмүр темир жолго жеткирилип, анан поезд менен ташылган.
Совет Союзу тарагандан кийин көмүр казуу токтоп, көпүрө колдонуудан калып, эскирешкен.
Учурда көпүрөнү жана аймагын туризмди өнүктүрүү максатында кайрадан оңдоп-түзөө пландалууда.
Архитекторлор тарабынан даярдалган эскиздик долбоор Таш-Кумыр шаарынын курулуш жана архитектура башкармалыгынын жана КР Өнөр-жай министрлигинин карап чыгууга жиберилди.
1,96 гектар аянтты ээлеген долбоордо ресторан иштетүү, панорамалык A-frame стилдеги үйлөрдү куруу жана сейилдөөчү аллея уюштуруу пландалууда.
Бул долбоордун негизинде көпүрөнүн жана анын айланасындагы жердин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Таш-Кумыр шаарынын туризмин жандантуу максат кылынат.


