Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жөө жүрүш өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана коомдо укуктук маалымдуулукту жогорулатуу болду.

Отуз-Адыр шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү борбордук көчөлөр аркылуу «Биз үй-бүлөлүк зомбулукка каршыбыз» деген плакаттарды кармап жүрүштү.

Бул жүрүш коомдогу ынтымакты бекемдөө жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алдын алуу иштерин күчөтүү максатында уюштурулду.