Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 26-июлунда кечки саат 19:25 чамасында Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу маалымат Kaktus.media басылмасына облустук ИИБдан тастыкталган.
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 9-чакырымында 1975-жылы туулган Ж. Э. аттуу жаран башкарган «Opel Vectra» үлгүсүндөгү автоунаа солго бурулуп бара жатып, 1995-жылы туулган Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургуну Т. И. башкарган «Mercedes-Benz C200» үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.
Кагылышуунун натыйжасында үч адам ар кандай жаракаттарды алып, Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилген. Учурда бул факты боюнча алдын ала тергөө иштери жүрүп, кырсыктын бардык жагдайлары такталууда.






