УКМК 1984-жылы туулган Кыргызстандын жараны К. Н. Б. аттуу жаранды массалык башаламандыктарды уюштурууга ачык чакырыктарга шектелүү менен кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү Threads социалдык тармагында системалуу түрдө чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап келген. УКМКнын ырастоосунда, аталган басылмаларда зордук-зомбулук, мүлктү жок кылуу жана өрттөө менен коштолгон мыйзамсыз массалык акцияларга катышууга чакырыктар камтылган.
Кармалган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, тергөө үчүн мааниси бар электрондук маалымат алып жүрүүчүлөр жана башка буюмдар алынган. Учурда соттук экспертизалар дайындалды. УКМКнын билдирүүсүндө, сурак учурунда К. Н. Б. аныкталган басылмаларга катыштыгын мойнуна алган. Кармалган жаран Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАК) тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Буга чейинки окуя
Буга чейин Бишкекте «Slivy_telegramm» деген аталыштагы, мурда «beksultankg99» катары белгилүү болгон дагы бир Threads колдонуучусу кармалган. Столицанын ИИББнин маалыматы боюнча, ал баракчада 23-июлда Ала-Тоо аянтына мыйзамсыз митингге чыгууга чакырыктар, ошондой эле коомдук тартипти бузууга алып келиши мүмкүн болгон башка басылмалар тараган. Шектүү 2003-жылы туулган О. А. аттуу жаран болгон. Ага карата массалык башаламандыктарга, зордук-зомбулукка жана бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбөөгө чакырыктар боюнча кылмыш иши козголгон. Сот аны эки айга камакка алган.







