"Кыргыз Каганат" ЖЧК курулуш компаниясы Бишкектеги Токомбаев көчөсү, 15 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жай комплексин курууда эреже бузууларга жол бергендиги үчүн 200 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаменти бул окуя боюнча текшерүү жүргүздү.

Аныкталган эреже бузуулар

  • Курулуш бекитилген графиктен артта калууда.
  • Имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолор жок.
  • Мунара краны коопсуздук талаптарына жооп бербейт.
  • Курулуш-монтаждоо иштеринин этап-этабы менен кабыл алуусу 2025-жылдын ноябрь айынан бери жүргүзүлгөн эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш компаниясына карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Курулуш министрлиги курулуш уюмдарын нормаларды, техникалык регламенттерди жана коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.