Токтогул – Беш-Таш автожолунун 21 чакымына асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Бул жол III–IV техникалык категорияларга кирет. Жолдун жолдоочу катмарынын туурасы 8–10 метрди түзсө, асфальттын туурасы 7 метрди түзөт. Долбоордун алкагында болжол менен 100 суу өткөрүүчү түтүк орнотулган.
Жолдун курулуш көрсөткүчтөрү
Асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо боюнча жер иштетүү иштери 70% бүткөн. Бирок аба ырайынын суукташына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Иштер кийинки жылдын жаз айларында кайра башталат.
Жолду капиталдык оңдоо иштери Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө. Министрлик курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп жатат.











