Балыкчы — Боконбаево — Каракол трассасынын оңдоп-түзөө иштери алга жылууда. Биринчи катмар асфальтобетон 125,62 чакырымга төшөлүп, жалпы пландалган узундуктун 89 пайызы аткарылды.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жалпы реконструкциялануучу жолдун узундугу 141 чакырымды түзөт. Учурда беш негизги подрядчы жана ондон ашык субподрядчу компания иш жүргүзүүдө.

Ишке 978 жумушчу жана 402 атайын техника тартылганы белгиленип, иш жеринде жетинчи асфальтобетон жана он үч таш майдалагыч заводундагы өндүрүш иштери колдоого алынууда.

Глава Минтранса поручил завершить работы в установленные сроки и обеспечить их качество.
Талантбек Солтобаев

Транспорт министри оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди. Бул трассанын оңдолушу региондун ички жана тышкы байланыштарын жакшыртышы күтүлүүдө.