14-августта саат 14:37де Токтогул гидроэлектростанциясында эки гидрогенератор авариялык түрдө өчүп, жалпы кубаттуулугу 600 мегаватт электр энергиясын өндүрүүдө үзгүлтүк болгон.
Бул окуя Казакстандагы электр энергиясынын жогорку чыңалуу линиясынын сырттан өчүрүлүүсүнө байланыштуу болуп, натыйжада Чыгыш жана Түштүк аймактарды бириктирген транзит электр энергиясынын ашыкча жүктөлүшүнө алып келген.
Мындан улам Казакстандагы түштүк зона өзүнчө изоляцияланган режимге өтүп, жалпы казак электр тармагынын бирдиктүү системасынан бөлүндү.
KEGOC компаниясы саат 16:12де Алматыдагы энергетикалык узелге электр кубатын кайра берүүнү баштап, кыска убакыттан кийин саат 16:26да Борбор Азиянын энергия системаларынын параллелдик иштешин толук калыбына келтирген.









