Боконбаево айылындагы борбордук кесилиште түн ичинде жасалган кооптуу маневрлердин натыйжасында жаран кармалды. Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жол кыймылынын эрежелерин бузуп, башка катышуучулардын өмүрүнө коркунуч келтирген.

Ысык-Көл облусунун ИИМдин маалыматы боюнча, окуя 19-ноябрда саат 02:40дө болгон. Облустук ИИМдин кырсыктарды алдын алуу борборунун операторлору онлайн-видеобайкоо системасы аркылуу укук бузууну аныкташкан. Андан соң маалымат Тон районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө тез арада берилген.

Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургунду кармашкан. Ал 2002-жылы туулган жаран экен.

15 000 сом айып пул

Укук бузуучуга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренеси боюнча жаза салынды.

Айдоочуга карата протокол түзүлгөн, ал эми унаа айып пул токтотуучу аянтчага жөнөтүлгөн.