Бишкекте милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысын катташты: алдыңкы айнеги толугу менен тонировкаланган Lexus унаасы.
Окуя учурунда айдоочу бул унаа депутатка таандык экенин айтып, айып пулдан качууга аракет кылды. Бирок милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы билдиргендей, унаанын статусу тууралуу эч кандай ырастоочу маалымат берилген жок.
Аныкталган ЖКЭ бузуусуна байланыштуу укук бузуучуга тиешелүү протокол түзүлдү. Мындан тышкары, алдыңкы айнектен тонировка пленкасы ордунда алынып салынды.








