Тоң районунун Кара-Талаа айылында 275 окуучулук орунга ылайыкталган заманбап мектептин курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Учурда ички жасалгалоо иштери жана имараттарды тазалоо жүргүзүлүүдө.

Мектептин курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталып, республикалык бюджеттин каражатынан каржыланган. Долбоордун жалпы наркы 236 миллион сомду түздү.

Мектептин түзүлүшү жана шарттары

Мектеп тууралуу негизги маалыматтар

275окуучулук орун
236 млнсом (жалпы наркы)