Тон районунун Калкагар айылында Н. Садыковдун ысымы ыйгарылган жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Мектеп 150 окуучуга ылайыкталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Азыркы учурда чатыр орнотуу жана тышкы фасад жаптоо жумшалары бүттү, ички жасалгалоо иштери уланууда.

Мектептин жалпы аянты 1 336 чарчы метрди түзүп, үч блоктон турат. Имаратта окуу класстары, химия, биология жана физика лабораториялары, ашкана, китепкана, акт залы жана спорт залдары, ошондой эле медициналык кабинет бар.

Курулуштун сапаты жана долбоор талаптарына ылайык иш жүргүзүлүшү туралуу көзөмөл жөнүндө турак-жарандык курулуш департаменти көзөмөл жүргүзүп жатат.

Бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.