Төрт мамлекеттин президенттери Ысык-Көлдө эл аралык гольф-ресторантын ачышты
Кош-Кол айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери катышты.
Кош-Кол айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери катышты.
Ысык-Көл областынын Кош-Кол айылында эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы гольф-клубдун ачылышы салтанаттуу түрдө өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Азербайжан өлкөсүнүн президенти Ильхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө спорт салаты улуттун ден соолугу, интеллекти жана маданиятынын өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Кыргызстан спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасап, жаңы заманбап спорт объектилерин курууда жана спортко жеткиликтүү шарттарды түзүүдө.
Жапаровдун айтымында, Ысык-Көлдүн өзгөчө табигый сулуулугу жана байлыктары мындай долбоорлорду ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, туризмди өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу багыты катары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Эл аралык гольф-клубду ачуу спорт жана туризм тармактарын өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат.
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!
























Жакшыраак сунуштарды алуу үчүн кириңиз