Дональд Трамп Ак үйдүн кабарчылар ассоциациясынын кечки тамагында "төртүнчү мөөнөткө" аттанууга ниеттенип жатканын айтып тамашалап, башына "Trump 2028" деген жазуусу бар кепка кийген.
Ал "үч жолу жеңгендигин" жана муну кайра жасоого ниеттенип жатканын айткан. Ошентип, Трамп 2020-жылдагы шайлоодогу жеңиши тууралуу тастыкталбаган дооматтарына дагы бир жолу кайрылып, анын жыйынтыгында Жо Байден АКШ президенти болгон.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысын шайлоо 2028-жылы өтөт. Трамп буга чейин кайрадан талапкерлигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн айтып, буга "жолдор бар" деп билдирген. Бирок, АКШ Конституциясынын 22-түзөтүүсү бир адамды президенттикке эки жолудан ашык шайлоого тыюу салат.




