Kaktus.media басылмасы The Sun гезитине шилтеме берип, Англиянын 16 жашка чейинки курама командасынын футболчуларынын ортосундагы мушташтын видеосу социалдык тармактарда кеңири тараганын билдирди. Окуя Түркиядагы мейманканалардын биринде болгон.
Кадрларда бир нече өспүрүм мейманкананын бөлмөсүндө мушташып жатканын көрүүгө болот. Маалыматка ылайык, команда эл аралык беттештерге катышуу үчүн Түркияда жүргөн.
Бул видео социалдык тармактардын колдонуучуларынын кескин реакциясын жаратты. Кээ бирлери мушташка катышкандарды курама командадагы оюндардан четтетип, команданы өлкөсүнө кайтарууга чакырышты.
Англиянын Футбол ассоциациясы окуядан кабардар экендигин билдирди. Бирок дисциплинардык чаралар тууралуу азырынча жарыялана элек.



