2026-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусундагы Балыкчы—Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты. Президенттик Администрациядан билдиришкендей, мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди. Андан соң жаңы станциянын имаратын карап чыгып, анын инфраструктурасы менен таанышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө бул күн көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында дагы бир маанилүү учур катары калаарын баса белгиледи. Узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы—Кочкор участкасы Балыкчы—Кара-Кече—Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы болуп саналат.
























