1-декабрда «Ала-Тоо Резорт» салтанаттуу ачылышы пландалган Жыргалан айылына баруу үчүн толук айдоо системасы бар автоунааларды тандоо максатка ылайыктуу. Курорттун администрациясынын маалыматы боюнча, жолдун өзгөчөлүгүндөн, кышкы аба ырайынан жана тоолуу рельефтен улам кадимки жеңил автоунаалардын өтүүсү мүмкүн эмес болуп калышы мүмкүн.
Курорттун жетекчилиги социалдык тармактарда кылмышкерлердин активдүүлүгү жогорулаганын каттады. Алдамчылык схемалары логистиканы уюштуруу же транспорттук кызматтарды көрсөтүү сунушу менен алдын ала төлөм талап кылууга негизделген.










