Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын расмий эмес консультативдик жыйынына катышты.
Жолугушууда мамлекет башчысы маселелерди талкуулоо үчүн мындай консультативдик форматтын маанилүүлүгүн белгилеп, Түркмөнстандын төрагалык кылуусун жогору баалады.
Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго 8-октябрда өтүүчү сегизинчи консультативдик жыйынга чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди.















