Кыргызстандын Билим берүү министрлиги мамлекеттик билим берүү кызматтарын санариптештирүүнү улантып, онлайн кызматтарды кеңейтти.
Азыркы учурда "Тундук" мобилдик тиркемеси аркылуу жарандар балдарын бала бакчага жана мектепке каттата алышат.
Андан тышкары, мектепти бүтүү тууралуу электрондук аттестаттарды жана иштеген жеринен мугалимдер үчүн маалымкаттарды алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Бул санарип кызматтар жарандарга керектүү документтерди тез жана ыңгайлуу онлайн форматта алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.


